• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл Баткенге 4 млрд 197 млн сом суммасында бюджет бекиген. Канчасы которулду?

Аймак 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Быйылкы жылга Баткен облусуна бекитилген бюджет 4 млрд 197 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Анын айтымында, быйыл сентябрь айынан баштап өнүктүрүү программасына тескеме чыккан, анын негизинде 500 млн сом Баткен облусуна бекитилген. Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү тургундарды колдоого, турак жайларды калыбына келтирүүгө жана башкаларга 100 млн сом, чек ара аймактарына 110 млн сом которулду.

“Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренесинин көлөмү 3 млрд сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд сом бөлүндү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал сумманы пайдалануунун жыйынтыгын эсептеп бизге сунушу менен кайрылат. Анын негизинде кошумча каражат бөлүнөт”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, атайын эсепке жарандардан түшкөн каражаттын суммасы 327 млн сомду түздү. Анын ичинен 84 млн сом которулган. Бөлүнгөн каражатты Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тескейт.

Пикир

Оставить комментарий