• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Бишкек шаарында 20 лифтти алмаштыруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында иштөө мөөнөтүн (25 жылдан ашык) иштеп чыккан 20 лифтти алмаштыруу иштери каралууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, титулдук тизменин долбоору иштелип чыгат. Лифттердин тизмеси бир нече факторлордун негизинде түзүлөт: артыкчылык, колдонуу мөөнөтү өткөн, техникалык абалы жана алмаштырылган лифтти кийин турак жай ээлеринин бирикмесинин балансына өткөрүп берүү үчүн тиешелүү документтердин болушу.

Мэриядан белгилешкендей, өз убагында каржылоо менен 8 аялдама жасай турган 20 лифтке лифт жабдууларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүү пландаштырылууда.

Иш 2022-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий