• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Бишкек ЖЭБи 100 миң тоннага аз көмүр жакты

Коом 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Өткөн күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБи электрдик жүктөмдү жогорулатып, Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөөнү камсыз кылды. Бул тууралуу Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБинин абалы менен таанышып жатканда ишкананын директору Нургазы Курманбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБине жыл сайын 1,5 млн тонна көмүр сатылып алынып, график боюнча үзгүлтүксүз келип турат.

“Мазут боюнча эч кандай көйгөйлөр жок, учурда жабдууларды керектүү пландуу оңдоо жана профилактикалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦинин аймагында 283 миң 89 тонна көмүр бар. ЖЭБдин аймагындагы бардык көмүрлөр салмактык көзөмөлдөн өтүп, келип жаткан катуу отундун сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн үлгүлөр алынат. Ошол замат лабораторияда кылдат талдоо жүргүзүлүп, күйүүчү майдын талап кылынган сапаттык мүнөздөмөлөргө ылайыктуулугу аныкталат. Быйыл сапатты көзөмөлдөө күчөтүлгөндүктөн 100 миң тоннага аз көмүр жагылган”, - дейт ал.

Курманбеков белгилегендей, үнөмдөлгөн 100 миң тонна көмүр 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине 100 миң тоннага азыраак сатып алууга мүмкүндүк берет.

“Башкача айтканда, 1880 миң тоннанын ордуна 1780 миң тонна Кавак бассейниндеги көмүр сатылып алынат. Мындан сырткары, жергиликтүү көмүрдү жагууга өткөндө 260 миллион сомго жакын үнөмдөлүшү күтүлүүдө. Бул Кара-Кече көмүрүнүн баасы былтыркы жылдын деңгээлинде — 1 тоннасы 3 миң 390 сомдон болгондо мүмкүн болот”, - деди Бишкек ЖЭБдин директору.

Пикир

Оставить комментарий