• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Быйыл Бишкектеги 3 театр оңдолот – алар кайсылар?

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бул жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры ремонттолот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барган кезинде маалым болду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, драма театрларынын имараттары 1970- жана 1972-жылдары колдонууга берилгенден бери бир да жолу толугу менен ремонттолгон эмес. Опера жана балет театры акыркы жолу толугу менен 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жж. жарым-жартылай оңдоп-түзөлдү. Филармония акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон.

Пикир

Оставить комментарий