• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл борбор калаада 54 мектеп, бала бакчада оңдоо иштери жүрөт

Коом 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Быйыл борбор калаада 54 мектеп, бала бакчада оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Оңдоо иштери 37 мектеп, 16 бала бакча жана искусство мектебинде жүрөт. Учурда алардын 39унда иштер башталган. Жакынкы арада калгандарында оңдоо иштери башталат. Негизинен канализация, жылуулук тутуму, чатырын жана терезелерин алмаштыруу ж.б. иштер жүрүүдө.

Борбордогу № 19, 69 жана 70 мектептеринде ашкана бөлүктөрү капиталдык оңдоодон өтүп, жаңы жабдуулар сатып алынат.

Оңдоо иштерине шаардык бюджеттен 120 млн. сом бөлүнгөн.

Мэриядан белгилешкендей, мектептердеги оңдоо иштери окуу башталганча аякташы керек. Бала бакчалардагы иштер жылуулук сезону келгенче бүткөрүлүшү зарыл.

Болгону, Октябрь районунун Социалдык фонду менен Кыргызпатенттин кеңсеси катары колдонулуп келген жана кийин алынган эки бала бакчада капиталдык оңдоо иштери боло тургандыктан ал жактагы жумуш келерки жылы аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий