• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл борбор калаада 8 сейил бак салынат – вице-мэр

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында 8 сейил бак салынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Ал белгилегендей, сейил бактардын көпчүлүгү август айынын аягына чейин ачылат.

"Быйыл Бишкек шаарында 8 сейил бакты салуу пландалып, иштер жүрүп жатат. Анын бирөө салынып бүттү. Ал сейил бактын аянты 11 гектарды түзөт. Ал –Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атындагы сейил бак Көкчетау жана Түлөбердиев көчөлөрүндө жайгашкан. Андан тышкары учурда 6 сейил бакта иштер жүрүп жатат. Алар жай айларында, 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат. Дагы бир сейил бак "Ак-Өргө" конушунда болот. Ал жакта иштер июнь айында башталат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий