• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл дээрлик 150 миң бала мектеп босогосун аттайт – Кудайбердиева

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Быйыл 150 миңге жакын бала мектеп босогосун аттап, бирнчи класска барышат. Бул тууралуу педагогдордун Август конференциясынын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

“Быйылкы жылы 150 миңге жакын окуучу биринчи класска барат. Азырынча бул ыкчам маалымат. Жалпысынан Кыргызстанда 1-сентябрда 2262 мектеп өз ишин баштайт. Айта кетүүчү жагдай, окуу жылына карата 31 жаңы билим берүү объекти ачылат, анын 29у жаңы мектеп жана экөө бала бакча. Жыл аягына чейин дагы 74 билим берүү объекти ачылат. Бул мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча”, - деп билдирди Кудайбердиева.

Белгилей кетсек, быйыл 2017-жылга салыштырмалуу биринчи класска 10 миңге көп окуучу барат. Өткөн окуу жылында 140 миңге жакын окуучу биринчи класска барган.

Пикир

Оставить комментарий