• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл ЕАЭБде эң көп айлык акынын өсүшү Кыргызстан менен Казакстанда катталган

ЕАЭБ 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Быйыл ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп айлык акынын өсүшү Кыргызстан менен Казакстанда катталды. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык эмгек акы 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу биримдиктин бардык мамлекеттеринде өскөн.

"Номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Казакстанда (124,1% жана 110,9%) жана Кыргызстанда (123,9% жана 109,8%) катталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий