• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чара онлайн форматта өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурдагы эпидкырдаалды эске алуу менен иш-чара онлайн форматта өтмөкчү.

«Көрүүчүлөр чакырылбайт. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган жок. Иш-чара республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт», - деп билдиришти Маданият министрлигинен.

Иш-чара саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт. Ал эми кечки саат 22:00дө «Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылат.

Пикир

Оставить комментарий