• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов ушу тапта күз-кыш айларына даярдык алдынала бекитилген графикке ылайык жүрүүдө. «Азыркы учурда өлкө аймагында 630 отун базасы иштеп жатат, ал өткөн жылга караганда 37 бирдикке көп. Бишкек ЖЭБге 230 миӊ тонна көмүр жеткирилди. Ал эми 17-сентябрга карата бюджеттик мекемелер 63 миӊ тонна көмүр менен камсыз болуп, калктын керектөөсүнө 266 миӊ тонна көмүр берилди», - деди ал.

Улуттук энергохолдингжин башчысы Азамат Абдыкадыров быйыл суу жакшы болгонун белгилеп, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 19,4 млрд куб суу топтоло турганын билдирди. «Январь-август айларынын аралыгында пландуу ремонт иштерине баш-аягы 412 млн сом өлчөмүндө каражат жумшалды. Жылдын биринчи жарымында негизинен сатып алуулар жүрдү, эми жылдын аягына чейин калган каражат толугу менен оӊдоо жумуштарына жумшалат. Бишкек ЖЭБдин жаӊы химиялык цехтин курулушу айдын аягына чейин бүткөрүлүп, буюрса, 1-октябрдан тарта ишке кирет деп турабыз», - деди ал.

Андан тышкары, быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди. «Бишкек ЖЭБ аварияга байланыштуу жана ОЭКти оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды. Ал эми депутаттардын тоолуу аймактар үчүн 2000 кВт/саат жеӊилдетилген бааны белгилөө сунушу келерки жылы каралат», - деди ал.

КСДП фракциясында Экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселени кароо жол-жоболору улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий