• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл электрондук кезек аркылуу мектепке 19 миңден ашык бала кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Быйыл электрондук кезек системасы аркылуу мектепке биринчи класска 19 миңден ашык бала кабыл алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү министрлигинин мектеп, мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Ал, электрондук кезек системасы Бишкек шаарында быйылкы 2019-2020-окуу жылына карата сыноо иретинде киргизилгенин белгилеп өттү.

Анын айтымында, электрондук каттоо ата энелерге шарт түзүп берүү, коррупциянын болушуна жол бербеш үчүн киргизилген.

"Бул долбоор өзүн актады деп айтса болот. Көптөр эч кыйынчылыксыз мектепке каттоодон өтө алышты. Долбоор ишке киргизилип жатканда Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан ар бир мектепке квота белгиленген. Ал боюнча мектепке бара турган балдардын жалпы саны 17 миң 755 болгон. Бирок, электрондук каттоо аркылуу биринчи класска 19 миң 126 бала кабыл алынды", - деди ал.

Кусеинова белгилегендей, биздин мыйзамдар боюнча биринчи класска 6-7 жаштагы балдар кабыл алынат. Бирок система ишке киргенден кийин 8-9 жашка чыгып, бирок мектепке бара элек же тиешелүү документтери жок балдар аныкталган. Мындан улам райондук билим берүү борборунда, ал маселелер боюнча иштей турган комиссия түзүлгөн. Ага билим берүү борборлорунун адистери, социалдык кызматтардын адистери ж.б. кирген. Комиссиянын ишинин жыйынтыгында биринчи класска мэрия бөлгөн квотадан тышкары 2 миң 182 бала мектепке кабыл алынган.

Ал белгилегендей, кел жаткан окуу жылына карата электрондук каттоо тутуму өлкөнүн бир катар шаарларында ишке киргизилет. Маселен, 2020-2021-окуу жылына карата электрондук кезек системасы Кара-Балта, Токмок, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, шаарларында киргизилет. Учурда ал шаарларда балдардын тизмеси, дареги ж.б. маалыматтар такталып, даярдык иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий