• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 49 адам жапа чеккен, алардын 11и балдар

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11 ай ичинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 337 факты катталган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Улан Маматканов билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7 миң 428 факты катталган.

"Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 25 жаран шектелип, 48 саатка камалган. Алардын ичинен Бишкекте 13, Чүйдө 5, Ысык-Көлдө бир, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир жана Баткен облусунда 4 жаран кармалган", - дейт ал.

Жогорку соттун маалыматы боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 71 иш келип түшкөн. Жалпы 49 адам жапа чеккен. Арасында 11 жашы жете элек бала.

2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында сотторго жоруктар боюнча 627 иш келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий