• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан сегиз адам каза болду – ИИМ

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан сегиз адам каза болду. Бул тууралуу сот-укуктук реформасынын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйынында журналисттерге КР ИИМдин коомдук коопсуздук боюнча башкы инспектору Таалайбек Алижанов билдирди.

Ал маалымдагандай, 2019-жылдын тогуз айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 4,6 миңге жакын факты катталган.

«Тогуз айдын жыйынтыгында үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 400гө жакын кылмыш иши козголду», - деди ал.

Алижанов билдиргендей, жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулуктан өлүмгө чейин жеткирген факты боюнча 8 кылмыш иши козголгон, ден соолукка жеңил жаракат келтирүү боюнча - 9, тартипсиздик боюнча 200гө жакын.

Пикир

Оставить комментарий