• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Быйыл ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү – Сыдыков

Экономика 0

Бишкек, 22.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылдын 11 ай ичинде ишканалардын киреше бөлүгү 20 эсе түштү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгында экономиканын бардык тармагында жоготуулар болгон.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, Кыргызстанда быйыл бир гана айыл чарба тармагында өсүү болду. Анда 0,9 пайызга өсүү катталды. Калган бардык тармакта төмөндөө байкалды: курулуш тармагы 15,9%, соода-сатык 15,6%га түштү. Жалпысынан ишканалардын кирешелери 20 эсе түшүп кетти", - дейт ал.

Сыдыков пандемияга байланыштуу туризм, курулуш, өндүрүш жана башка тармактар чыгымдарга кабылганын айтат.

"Бирок жылдын башында жакшы жыйынтыктар болгон. Ушул жылы эң жогорку деңгээлдеги адамдар менен жолугушуулар болуп өттү. Анын жыйынтыгында ишкерлердин сунуштары эске алынып, өкмөттүн антикризистик пландарына киргизилди. Бизнестин укуктарын коргоого багытталган бир катар чаралар кабыл алынды. Анын ичинде бирдиктүү депозиттик эсеп алынып салынды, эсептөө палатасынын текшерүүлөрүн бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ага карабай бизнестин бир катар сунуштары кабыл алынбай калды. Алар базалык салыктан бошотуу: патент, социалдык төлөмдөр, киреше жана кошумча нарк салыгы", - деп белгиледи ал.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору кошумчалагандай, парламенттик шайлоодон кийин пайда болгон саясий кризисте бизнестер көптөгөн чыгымга учураган. Тоо-кенди айта турган болсок, чыгымы 20 млн долларды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий