• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Быйыл калкка 20 млрд сомдон ашык насыя берилип, анын 72 пайызы аймактарга кетти — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 25.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Быйыл калкка 20 млрд сомдон ашык насыя берилип, анын 72 пайызы аймактарга кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйналышында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы жетишсиз болуп келген.

“Өздөрүндө жок болсо, анан алар кантип элге жеңилдетилген насыяларды бере алмак эле. Эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок экен. Азыр 3 банкыбыз бар: “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Керемет банкы”. Быйыл ушул банктардын уставдык капиталы көбөйтүлдү. “РСК Банктыкы” 5,4 млрд сомго чейин, “Айыл Банктыкы” 5,5 млрд сомго чейин, “Керемет Банктыкы” 8,7 млрд сомго чейин көбөйтүлдү. Биз 100 млн долларга чейин жеткиребиз деген оюбуз бар”, - дейт ал.

Президент кошумчалагандай, берилген насыялардын ар бир тыйыны кимге берилгендиги боюнча көзөмөл күчөтүлөт.

“Акчалары көбөйгөн мамлекеттик банктар эми кредит берүү саясатын өзгөртөт деп ойлойбуз. Аны менен бирге кредиттин максаттуулугуна контроль күчөйт. Башкача айтканда, насыя алып той-топпурга жумшап койбош керек. Дыйкан алдыбы жер айдашы керек. Демек, элдин бизнес пландары “каякка сатылат”ошондон баштап түзүлүп, өзгөрө баштайт”, - деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында министрлер кабинетинин 2021-жылдагы аткарган ишинин отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруунун иш-аракеттер планы каралууда.

Пикир

Оставить комментарий