• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Быйыл канча бүтүрүүчү "алтын сертификат" алат?

Билим 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. 2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган 57 окуучу "алтын сертификат" алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку балл - 235 болду. Аны Бишкек шаарындагы № 70-гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү алды.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:

Бишкек шаарынан - 35 окуучу

Ош облусу - 7 окуучу

Ысык-Көл облусу - 5 окуучу

Чүй облусу - 4 окуучу

Баткен облусу - 3 окуучу

Нарын облусу – 2 окуучу

Жалал-Абад облусу -1 окуучу

Белгиленгендей, 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий