• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Кыргызстан 22,5 миң тонна картошка жана 1 миң 694 тонна төө буурчак экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргызстан 2022-жылдын тогуз айында 414,8 млн сомго 22 миң 530 тонна картошканы экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Картошка Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Грузия өлкөлөрүнө ташылган.

Мындан сырткары, Россия, Казакстан жана Арменияга 18,4 млн сомго 1 миң 694 тонна төө буурчак, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Монголияга 95,7 млн сомго 9 миң 210 тонна капуста, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Беларуска 138,4 млн сомго 7 миң 370 тонна алма экспорттолду.

Пикир

Оставить комментарий