• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен анын өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматтагы жолугушууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыктын активдүү динамикасын канааттануу менен белгиледи.

Жапаров өз сөзүндө бйылкы жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып жаткандыгын, бул өлкөлөр ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоого чоң салым кошорун айтты.

"Жакынкы арада Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыка-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктайт. Анын ачылышын биздин өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоого карата ылайыкташтыра алабыз.

Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Баткен облусунда эки орто мектептин курулушу аяктагандыгына байланыштуу Сизге ыраазычылык билдирем .

Бул мектептердин курулушу - биздин элдерибиздин достугунун жана ынак кошуналыктын ачык-айкын далили, муну Кыргызстандын туштүк аймагынын жашоочулары чоң ыраазылык менен кабыл алышты.

Мындай социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу биздин элдерибиздин ортосундагы достукту жана жалпы эле кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоого жардам берет деп ишенем", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий