• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда 25 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулат

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. 2019-жылда Кыргызстанда 25 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулат. Алар Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында орнотулат, - деп билдирет "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы.

Ведомстводон кабарлашкандай, 2019-жылдын 1-январына карата «Түндүк электр» ишканасы 198 миң 217 "акылдуу" эсептегичтерди орноткон.

Алар:

Бишкек шаары - 122 773;

Чүй облусу - 64 874;

Талас облусу - 10 570.

Эсептегичтердин жалпы санынын 175 884 даанасы тиричилик абоненттерине, 22 333 даанасы башка абоненттерге орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий