• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда 265 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Коом 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда 265 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу онлайн брифингде өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирди.

"Жалпы булактардан 2020-жылдын аягына чейин 265 чакырым жол асфальтталат. Анын ичинен райондук борборлордо 3 чакырымдан жолду асфальттоо иштери аткарылып жатат. Жыл аягына чейин райондук борборлордо жалпы 152 чакырым жол асфальтталат. Ал иштерге республикалык бюджеттен 750 млн сом бөлүнүп берилди", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий