• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл Кыргызстанда 3 млн 523,5 миң жаран парламенттик шайлоого катыша алат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20./Кабар/. Кыргызстанда шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 532ни түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо түзүлгөн тизмеге караганда быйыл шайлоочулардын саны 762 миң 235 адамга (27,6%га), ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого салыштырмалуу 497 миң 762ге (16,05%га көп) көбөйгөн.

Эскерте кетсек, быйыл парламенттик шайлоо 4-октябрь күнү болуп өтөт. Парламенттик шайлоого 16 партия катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий