Быйыл Кыргызстанда 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. Быйыл Кыргызстанда электр энергиясын колдонгон 300 миң абонентке акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирди.

"Жалпы электр энергиясын колдонгон 1 млн 450 миң абонент бар. Алардын 215 миңине акылдуу эсептегичтер орнотулган. Эсептегичтер 2013-жылдан бери коюла баштаган. Алардын басымдуу бөлүгү "Түндүк электр" ишканасынын абоненттерине коюлган. Быйыл 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат. 2024-жылга карата акылдуу эсептегичтер баардык абоненттерге коюлат", -деди ал.

Ал абоненттер 2 категорияга бөлүнөрүн айтып, биринчиси электр энергиясын күнүмдүк колдонгон жарандар болсо, экинчиси – ишкана, мекемелер.

"Акылдуу эсептегичтер биринчи кезекте ишкана-мекемелерге жана үч фаза, электр энергиясын ашыкча колдонгон абоненттерге коюлат", - деди ал.

Анын айтымында, мекеме-ишканалар эсептегичтерди өздөрү орнотот. Ал эми катардагы жарандарга эсептегичтерди сүйлөшүү, келишим аркылуу орнотуу каралууда. Маселен, эгер абонент эсептегичти өз каражатына орнотсо, ага чыгымы электр энергиясы менен кайтарылат.

Пикир

Оставить комментарий