• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда 32 бала бакчанын курулушу башталды – Мамкурулуш

Коом 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. 2019-жылы Кыргызстанда 32 бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өкөн маалымат жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтуусунда, аталган бала бакчалар бүгүнкү күндө курулуп жатат.

"2018-жылы 8 бала бакча курулган", - деп маалымдады ал.

Абдыкадыров кошумчалагандай, жыл башынан бери капиталдык курулуштун алкагында бюджеттен 1 млрд. 100 млн. сом бөлүнгөн.

“Быйыл курулушу 60% аяктап калган объекттерге басым жасалат. Андан тышкары, авариялык абалдагы объекттерде да ремонт иштерин жүргүзүү пландалууда”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий