• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда айдоо жерлеринин аянты 1 млн 223,6 миң гектарды түздү

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда жалпы айдоо жерлеринин аянты 1 млн 223,6 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,9 миң гектарга же 0,6%га көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдиришти.

Маалыматка ылайык, күздүк себүүлөрдүн аянты 141,5 миң гектарга же 2019-жылдыкына салыштырмалуу 1,2%га көп болгон. Ал эми жазгы айдап себүүлөрдүн аянты 744,9 миң гектарды түзүп, 1 миң гектарга же 0,1%га көп болгон.

“Дан эгиндеринин айдоо аянты (дандык дан өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка) 573,3 миң гектарды түзгөн − өткөн жылга салыштырмалуу 20,9 миң гектарга же 3,8%га көп. Анын ичинде буудайдын аянты 247,5 миң гектарды (7,9 миң гектарга же 3,3%га көп), арпа 219,2 миң гектарды (13,9 миң гектарга, же 6,8%га көп) түзгөн. Ошол эле учурда дандык жүгөрүнүн айдоо аянты 1 миң гектарга же 1%га азайып, 105,2 миң гектарды түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өткөн жылдардагы көп жылдык чөптөрдүн аянты көбөйүп, анын аянты 337,1 миң гектарды түзгөн − 4,2 миң гектарга, же 1,3%га көп.

Май өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттары 6,4 миң гектарга, кант кызылчасы 6 миң гектарга, картошка 2,9 миң гектарга жана пахта 2,6 миң гектарга кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий