• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда биринчи класска 150 миң бала барат

Коом 0


Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2019-2020 окуу жылына карата биринчи класска 150 миң бала барары божомолдонууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, быйыл 9-классты 96 миңден ашык окуучу, ал эми 11-классты дээрлик 50 миң окуучу аяктап жатат.

"Өлкө боюнча 1 миң 866 мектеп (86%) интернетке туташылган. Ошондой эле 91 мектеп эксперименталдык деген макам алды. Аларда ар кандай лабораториялар киргизилди", - деди ал.

Андан тышкары министр белгилегендей, БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосу жана "Мерсико" уюмунун техникалык колдоосу менен ысык тамак 1 миң 371 мектепте киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий