• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу жайыт чөптөрдүн үрөнүн сатып алууга каражат бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алууга каражат бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинин Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментине үстүбүздөгү жылдын башында 10 млн сом бөлүнгөн.

Жалпысынан быйылкы жылга карата жайыт чөптөрдүн уруктарын сатып алуу максатына 30,4 млн сом акча каражаты каралган. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата департаменттин бюджети 40,4 млн сомду түздү.

Ошондой эле 2023-жылдын 25-майына карата келип түшкөн билдирмелердин негизинде 8,3 млн сом каржыланды.

Белгиленгендей, жайыт чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын сатып алууга бул жылы алгачкы жолу акча каражаты бөлүнүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий