• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда экономиканын эки тармагы өссө, эки тармагында төмөндөө болду — Алыбаев

Экономика 0


Бишкек, 24.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Быйыл Кыргызстанда экономиканын эки тармагы өссө, эки тармагында төмөндөө болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, дүйнөдө жана Кыргызстанда коронавирустан улам экономиканын өсүү темпи төмөндөп кетти.

"ЕАЭБ өлкөлөрүн ала турган болсок, экономиканын өсүү темпи 2019-жылга караганда Россияда 4,3%, Казакстанда 3%, Беларусияда 1,3%га түшүп кетти. Кыргызстанда 8 айдын жыйынтыгында социалдык-экономиканын өсүү темпи 5,9 пайызды түздү. Курулуш тармагында 7,8%га, кызмат көрсөтүү тармагында 9,8%га төмөндөө болду. Өсүү темпи боюнча айыл чарба тармагы 1,8%га, өнөр жай тармагында 0,2%га өсүү болду", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий