• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмүн эки эсе көп алуу күтүлүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмүн былтыркыга караганда эки эсе көп алуу күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, май айынын башында “Кайыңды Кант” заводунун кампаларында сакталган шекер толугу менен базарга чыгарылган. Мындан тышкары, жергиликтүү дыйкандардын колунда 3-3,5 миң тоннадай кумшекер болгон.

“Биз ЕАЭБ чегинен сырткары квота сурап, 19 миң тоннадан ашык кумшекер алып, базарга чыгардык. Калган кумшекерди оруп-жыйноо иштерине чейин ташып жеткирип, муну менен товардын үгүлтүккө учурашын жокко чыгарууну пландап жатабыз”, - деди Жаныбеков.

Министр кошумчалагандай, былтыр Кыргызстанда кант кызылчасынын дүң жыйымы 389 миң тоннаны түзсө, быйыл 550-600 миң тонна түшүм алуу күтүлүүдө. Башкача айтканда, бул кайра иштетүү үчүн кант кызылчасынын көлөмүн бир кыйла жогорулатуу болуп саналат.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ички рынокто керектөө үчүн зарыл болгон канттын жалпы көлөмүнүн 10%-12%га жакыны өндүрүлүп келет. Быйыл 18,5% өндүрүп, базарды камсыздайлы деп жатабыз”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий