• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл Кыргызстанда кургак учук илдетине кабылган 27 учур катталган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.10.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кургак учук оорусу 2000-жылга салыштырмалуу эки эсеге кыскарган. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдуллат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 10 млн адам кургак учук илдетине чалдыкса, алардын 2 млн каза болот.

“Кыргызстандагы кырдаал, кургак учуктун туруктуу төмөндөшүнө карабастан, мурдагыдай эле татаал бойдон калууда”,-деди Кадыров.

Анын билдирүүсү боюнча, 2001-жылы кургак учук менен ооругандардын саны көбөйгөн – 100 миң калктын 168и илдетке чалдыккан.

“Биз 2001-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтү эки эсеге төмөндөттүк. 2016-жылы 98 учур катталса, адам өлүмүн 5 эсеге кыскарттык. Бул жылы 27 учур катталды”,-деп кошумчалады дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий