• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 75 очогу катталды

Коом 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда малдын жугуштуу ылаңынын 75 очогу катталды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8 айында республика боюнча ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотикага каршы иш-чаралар жалпы 14 млн 473,4 миң баш малга жүргүзүлдү, анын ичинен диагностикалык изилдөөлөр (жана башка изилдөөлөр) 771,7 миң башка, алдын ала эмдөөлөр 13 млн 379,6 миң башка, дегельминтизация 322 миң башка же болбосо 2022-жылдын 9 айына бекитилген план боюнча 83% аткарылды.

2022- жылдын 8 айында республиканын аймагында 75 жугуштуу ылаңдын очогу катталган.

Алар: кутурма ылаңы – 44, ИММ карасаны – 1, пастереллезу – 5, сибирь жарасы – 1, жылкылардын грипп ылаңы – 1, пастереллезу – 2, кээңги ылаңы – 8, кой-эчкилердин сальмонеллезу – 2, брадзоту – 4, листериозу – 2, пастереллезу – 1, канаттуулардын сальмонеллезу – 1, ньюкасл – 1, аарылардын европалык чириндиси – 1, америкалык чириндиси – 1.

Белгиленгендей, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 пунктка аз катталган.

“Жогоруда көрсөтүлгөн пункттарга карантин, чектөөлөр коюлуп, инструкцияга ылайык ветеринардык-санитардык иш чаралар жүргүзүлдү. Өтө коркунучтуу делген бодо малдардын шарп, кой-эчкилердин күл, кыргын ж.б. ылаңдары катталган жок, республика боюнча эпизоотиялык абал туруктуу сакталды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий