• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Быйыл Кыргызстанда суу чарба объекттеринин курулуш иштерине 250 млн сом каралган

Коом 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда суу чарба объекттеринин курулуш иштерине 250 млн сом каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев билдирди.

Анын айтымында, учурда "Ирригацияны өнүктүрүү" программасы ишке ашырылууда. Башында программага ылайык 2020-жылга карата 2 млрд 681 млн сом каражат каралган. Ал каражат 1 миң 700 гектар жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө, 17 миң 560 гектар сугат жердин суу менен камсыздалышын жогорулатууга, 600 гектар шарттуу сугат жерди сугат жерге которууга, 5 миң гектар жердин мелиоративдик абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк бермек.

"Быйыл аталган программаны ишке ашыруу үчүн капиталдык беренелер боючна 250 млн сом каралып, 1-августка карата 200 млн сом бөлүнгөн. Каралган каражатка 15 объектте долбоорлоо-изилдөө жумуштарын, 14 суу чарба объектисинде курулуш жумуштарын жүргүзүү пландалган", - деди ал.

Анын айтымында, 8 суу чарба объектте курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин, 5 объектте Кытайдын гранттык каражаттарынын жана 1 объектте Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий