• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанда туристтик сезон жакшы башталды — Кенжематова

Коом 0

Бишкек, 22.07.22. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда туристтик сезон жакшы башталды. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова брифинг учурунда билдирди.

“Азыр сезондун гүлдөп турган учуру. Ысык-Көлдүн жээгинде көптөгөн адамдар эс алууда. Транспорт каражаттары үчүн чек аранын ачылышы жана коронавируска байланыштуу айрым чектөөлөрдүн алынуусунан улам туристтер үчүн Кыргызстанга жол ачылды”, - дейт ал.

Кенжематова өлкөдөгү коомдук коопсуздук менен кошо экологиялык коопсуздукту дагы күчөтүү керектигин белгилейт.

“Бардык тармактагы коопсуздукту бекемдөө кажет. Мындан сырткары, маркетингди өнүктүрүп, жаңы кадрларды алуу керек. Анткени биздин департаментте бүгүнкү күнү 11 кызматкер иштөөдө”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий