• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда жалпы узундугу 207,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 25.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2020-жылы Жол чарба департаменти тарабынан мамлекеттик бюджеттин "Мамлекеттик капиталдык салымдар" эсебинен жалпы узундугу 207,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, 207,5 чакырымдын ичинен бюджеттин эсебинен 11,8 чакырым, "Мамлекеттик капиталдык салымдар " пункту боюнча 195,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

"Анын ичинде негизги объектилер 17,9 чакырым, Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун реконструкциялоо үчүн подрядчиктин эсебинен узундугу 22,5 чакырым, облустардын борборлору 3 чакырым, Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын негизинде 155,3 чакырым жол оңдолду", - дейт ал.

Ал белиглегендей, 2020-жылы Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоого асфальтбетон экинчи катмарынын курулушу аяктады. 10-декабрга карата 22,5 чакырымдын болжолдуу аткарылышы 350 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий