• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшыруу автоматташтырылат – Өмүров

Билим 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу автоматташтырылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Министрдин орун басары аталган долбоор алгач аймактарда жашаган окуучуларга ыңгайлуу болорун айтат.

"Бүгүнкү күндө студенттер үч күн ичинде окуу жайды тандап, ар бирөөнө барып, талонун ташташ керек. Ошондой эле анын жообун күтүү керектелет. Биз 2020-жылы аны автоматташтырууну көздөп жатабыз. Ишке ашып калса, анда окуучулар онлайн режимде талондорун университеттерге таштап, жыйынтыктарын да онлайн түрдө көрө алышат", - дейт ал.

Өмүровдун пикиринде, окуучулар канча адам аталган кесипке талон тыштаганын да биле алат.

Пикир

Оставить комментарий