• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Кыргызстандагы мектептердин жарымы 3D форматында окута баштайт

Билим 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Быйыл республикадагы мектептердин 50 пайызы 3D форматында окута баштайт. Бул үчүн мугалимдер 3 ай бою окутулат. Бул туралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Жаштар элдин үмүтү, өлкөнүн келечеги” аттуу республикалык жаштар форумунда билдирди.

Анын айтымына караганда, кийинки жылдан тарта бүт мектептер бул форматка өтөт.

"Мында окуучу бир убакта көрөт, окуйт, кабыл алат жана музыкалык коштоо болот", - деди министр.

Министр Каныбек Иманалиев ааламдашуу доорунда жаштардын маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсү учурдун талабы экендигин белгиледи.

“Ар бир кыргызстандык кыргыздын тарыхын, санжырасын, тилин билүүсү – улуттук парз. Ал эми мекен чек арасынан чыккандан кийин башка өлкө менен атаандаш болобуз десек, англис тилин, IT технологияларын жана STEM предметтерин жогорку деңгээлде билүүбүз керек. Ансыз алдыңкы өлкөлөр менен теңтайлаша албайбыз. Биз улуттун интеллектиси бийик экендигин далилдешибиз керек.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн форумга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, белгилүү билим, илим жана саясат ишмерлери чакырылган.

Форумдун жүрүшүндө секциялык талкуулар орун алып, баяндамалар жасалды. Ошондой эле Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин эмгектери коюлган “Мени сени сүйөм, өмүр” сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий