• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанда дан эгиндери 646,4 миң гектарга эгилди – айыл чарба министри

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда дан эгиндери 646,4 миң гектарга эгилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан 10-12 күнгө эрте аяктады.

"Быйыл дан эгиндерине басым жасалып, анын аянты 646,4 миң гектарга жеткирилди. Былтыркыга караганда ал 22 миң гектарга көп. Атап айтсак, буудай 247,6 миң гектарга айдалды. Ал өткөн жылга салыштырмалуу 8 миң гектарга көп. Дандык жүгөрү 107,4 миң гектарга, (2019-жылга караганда 1,2 миң гектарга көп) чанактуу өсүмдүктөрдүн аянты 63,2 миң гектарга (былтыркыга караганда 2 миң гектарга көп), арпа 215 миң гектар жерге айдалды (9,9 миң гектарга көп)", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий