• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Кыргызстанга Араб өлкөлөрүнөн 10 миң турист келген - ТИМ

Саясат 0

Бишкек, 14.12.18./Кабар/. Кыргызстанга 2018-жылы 10 миңден ашуун турист Араб өлкөлөрүнөн келген. Бул тууралуу Катар өлкөсүнүн улуттук күнүн Бишкекте майрамдоо иш-чарасынын алкагында тышки иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кабарлады.

Анын айтуусунда, өнүккөн экономикасы жана чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен Катар өлкөсү каржы саясатын жүргүзүү жана реформаларды эффективдүү ишке ашыруу боюнча көп өлкөлөргө үлгү боло алат.

“Кыргызстан Катар өлкөсү менен кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет. Ошол кызматташуунун негизин бир тарыхый, маданий жана рухий тамырларыбыз түзөт. Кыргызстанда Катар элчилигин ачуу жана Дохада Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн түзүү кыргыз-катар кызматташтыгын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөргөн. Ошондой эле 2014-2015-жылдары эки өлкөнүн президенттеринин эки тараптуу визиттерин уюштуруу кызматташтыктын өнүгүшүнүн негизги катмарын түздү”, - деди ал.

Ошондой ал белгилегендей, үстүбүздөгү жылы эки өлкө ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берген маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөн. Анын ичинде эки өлкөнүн ТИМ министрлери ортосунда саясий консультациялар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий