• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы эки эсе көбөйдү - изилдөө

Коом 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. Бул жылы жайында Кыргызстанга келген туристтердин агымы кыйла көбөйдү.

Aviasales.kg`нин иизлдөөсү көрсөткөндөй, бул жылы чет элдиктер өткөн жылга салыштырмалуу билеттерди эки эсе көп издешкен.

Кыргызстанга көбүнчө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Германиядан келишүүдө.

“Рейтингеден түшкөн жалгаз өлкө – Туштүк Корея. Буга карабай ал Кыргызстанга күзүндө келүүнү пландаган өлкөлөрдүн тобуна кирди”, - деп айтылат маалыматта.

Aviasales.kg аналитиктеринин айтымында, өткөн жайга салыштырмалуу россиялыктар арасында билетке болгон суроо-талап 98%, түркиялыктарда 77% өскөн. Өзбекстанда Кыргызстанга 119%, Казакстанда 5%га көбүрөөк билет издешкен. Германиянын тургундарынын арасында суроо-талап 141% га өскөн.

“Кыргызстанга билеттердин баасы дагы өзгөргөн. Россиядан Кыргызстанга билеттердин орточо баасы 14 миң 250 сомду түзсө, өткөн жылы ушул мезгилде баалар 40%га төмөн болгон. Түркия жана Казакстанда дагы ушундай эле көрүнүш. Ал жакта билеттин баасы 27% жана 25%га көтөрүлгөн. Ал эми Өзбекстан менен Германияда билет баалары тескерисинче арзандаган. Өзбекстанда Кыргызстанга билеттин баасы орточо 33%га, ал эми Германияда 9%га төмөндөгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий