• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда. Быйылкы кыш мезгилинде электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт, ал мурдагы бойдон кала берет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди. «Өлкөнүн отун-энергетикалык комплексин оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды», - дейт ал.

Анын айтымында, азыркы тарифке ылайык, электр кубаты жеке жактар үчүн 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан, ал эми бийик тоолуу аймактар үчүн 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, андан ашканы 2 сом 16 тыйындан берилет. Андан тышкары, ишканалар үчүн 1 кВт/саат электр энергиясынын наркы 2 сом 20 тыйындан каралган.

Андан тышкары, антикризистик планга 78 млн сом бөлүнүп, Бишкек Жылуулук борборунун «Батыш – 1,2» жана «Батыш – 3» жылуулук түйүндөрүнө кошумча кошкучтар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев билдирди. Анын айтымында, мындай чаралар күтүүсүз авариялардын учурунда суу менен трубаларды тоӊдурбай, бир аз төмөнкү градуста болсо дагы туруктуу карамап тура алат. Ошондон улам, мурдагыдай катуу авариялардын болушу анчалык кооптуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий