• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Өлбөс полк" акциясын Кыргызстандын 31 шаарында өткөрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Быйыл 9-майда өтө турган "Өлбөс полк" акциясын Кыргызстандын 31 шаарында өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Улуу Жеңиш күнүнө карата акция эртең мененки саат 10.00 башталат. Быйыл бул акцияны Бишкек шаарында эле эмес, башка шаарларда дагы өткөрүү пландалууда.

Кузнецованы маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары республикадагы 31 шаарга тийиштүү каттарды жиберишти. Катта баардык шаарларды акцияны бир убакытта баштоо сунушу дагы айтылган саат – 10.00.

Дайыр Асанов атындагы парктан баштап акциянын катышуучулары 6,5 чакырым басып өтүшөт.

Эске салсак, "Өлбөс полк" акциясы быйыл бешинчи ирет өтөт. 2014-жылы акцияга миң киши катышса, былтыр – 45 миң адам катышкан.

1941-1945-жылдардагы Ата-мекендик согушта 360 миңден ашуун кыргызстандык мобилизацияланган. 160 миңден ашуун жоокер курман болгон.

Пикир

Оставить комментарий