• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл өлкөдө 33 млн сомдон ашык битир-садака чогулуп, муктаждарга таратылууда

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. 2017-жылдын улуу Рамазан айында республика боюнча 33 668 886 сом битир-садака чогултулду. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Учурда чогулган каражатты Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы, өлкө аймагындагы бардык казыяттар, райондук хатибияттар жана мечиттер арыз кайрылуулардын негизинде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калгандарга, жетим-жесирлерге таратып беришүүдө. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы кайрымдуулук иштерин күчөтүп, топтолгон битир-садаканы арыздын негизинде муктаждарга таратып берип, алардын социалдык мүдөөлөрүн орундатууга бар күчтөрүн жумшап келет. Быйыл топтолгон битир-садакадан Муфтият жана облустук казыяттар биригип, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 2 млн 800 миң сомдук жардам көрсөтсө, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы ошол эле Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга 395 миң сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, жалпысынан 3 млн 200 миң сомдук жардам берилген. Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы үстүбүздөгү жылы кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 3 категорияга бөлүп, 1 млн 900 миң сомду муктаждарга таратып берди. Булардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализ алган мекендештерибиз дагы бар.

Топтолгон каражаттардын:

50% пайызы жергиликтүү мечиттерде калтырылат

15% пайызы облустук казыятарга которулат

15% пайызы хатибиятарга которулат

20% пайызы Муфтиятка которулат.

2014-жылы республика боюнча жалпы 21 372 992 сом

2015-жылы Республика боюнча жалпы 31 112 350 сом

2016-жылы Республика боюнча жалпы 32 156 605 сом

2017-жылы Республика боюнча жалпы 33 668 886 сом чогулган.

Эскерте кетсек, берилип келген кайрымдуулуктун натыйжасында 2016-жылы Кыргызстан кайрымдуулук жаатында дүйнөлүк деңгээлде 83 орундан 17 орунга чыккан.

Пикир

Оставить комментарий