• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл өлкө аймагында 1,2 миң өрт кырсыгы катталып, 19 адамдын өмүрү кыйылды

Коом 0

Бишкек, 19.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын жети айында өлкө аймагында 1 миң 232 өрт кырсыгы катталды. Көрсөткүч былтыргы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30%га аз. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов соцтармактагы баракчасында өтүп жаткан түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы 1 миң 780 өрт кырсыгы катталган.

“Тилсиз жоодон материалдык чыгымдардын суммасы 358 млн сомду түздү. Ал эми кырсык 19 адамдын өмүрүн кыйып, 17 киши жабыркаган”, - дейт ал.

Шамырканов жарандарды өрт коопсуздугун сактоодо жана алдын алууда каражатты эч аябоого чакырды.

“Керек болсо биз адистерибизди жиберип, силерди окутууга жардам беребиз”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий