• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл өлкө аймагында 37 өзгөчө кырдаал катталып, андан 90 адам каза тапкан

Коом 0

Бишкек, 20.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын тогуз ай ичинде өлкө аймагында 37 өзгөчө кырдаал катталып, андан 90 адам каза тапкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, жети ири жол кырсыгынан 44, 17 селден 10, Баткендеги чек ара жаңжалынан 36 адам көз жумган.

“Өткөн жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдар 22 пайызга көп болду. Ага жаз, жай жана күз айларындагы кургакчылык, нөшөрлөгөн жаандан улам жүргөн селдин саны жогору болгону себеп болду”, - дейт ал.

Ахматов тогуз айдын ичинде 2 миң 299 өрт кырсыгы катталып, келтирилген зыяндын суммасы 602 млн сомду түзөрүн белгилейт. Жалпы келтирилген чыгымдын суммасы 2 млрд 530 млн 157,4 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий