• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл өлкө боюнча 158 миңден ашуун бала 1-класска барат

Билим 0


Бишкек, 13.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, жарандардын аймактан аймакка көчүүсү жүрүп жаткандыктан канча бала 1-класска бара турганы тууралуу так маалымат жок.

“15-20-сентябрь аралыгында так айта алабыз. Ал эми мектептерге электрондук түрдө кезекке туруусу боюнча айтсам, Бишкекте 16 миң 863 окуучу, Ош шаарында 2 миң 431, Караколдо 1 миң 975, Нарын шаарында 1 миң 157, Жалал-Абад шаарында 2 миң 862, Талас шаарында 1 миң 15, Кара-Суу шаарында 865, Кара-Балта шаарында 1 миң 172, Токмок шаарында 1 миң 831 бала катталды”, - дейт ал.

Жусупбекова окуу жылы башталганда бир дагы окуучу көчөдө калбай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий