• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды

Экономика 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын январь-сентябрында 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 30,9 пайызга кыскарды жана 398,4 млн долларын түздү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (90 пайызы) иштетүү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

Аны менен бирге инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого 3,5 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө 21,3 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга 8,9 пайызга, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына 9,5 пайызга, иштетүү өндүрүш ишканаларына 3,7 пайызга төмөндөгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,5 эсеге кыскарды. Бул негизинен алардын Канададан 24,5 пайызга (иштетүү өндүрүшү), Улуу Британиядан 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо), Кытайдан 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо) төмөндөшүнүн эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялар Швейцариядан 4,0 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу), Кореядан 2,1 эсеге (курулуш) жана Түркиядан 8,7 пайызга (курулуш) көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 28,5 пайызы), Канадага (21,7 пайызы), Нидерландга (11,9 пайызы), Швейцарияга (7,1 пайызы), Түркияга (6,9 пайызы) жана Улуу Британияга (5,8 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге, бул Россиядан келген инвестициялардын 2,5 эсеге (электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) жана Өзбекстан – 1,8 эсеге (дүң жана чекене соода) кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, инвестициялар Казакстандан келген инвестициялардын 9,0 пайызга (пайдалуу кендерди казуу) жана Азербайжандан – 1,8 эсеге (дүң жана чекене соода) көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу Талас облусунун ишканаларына – 713,2 эсеге, Ош облусунун – 8,1 эсеге, Ош шаарынын – 2,4 эсеге, Чуй облусунун – 1,3 эсеге жана Баткен облусунун ишканаларына – 16,0 пайызга көбөйдү, ал эми ушул эле убакта калган облустарга инвестициялардын келип түшүү агымы кыскарды.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына – 32 пайызы, Чүй облусунун – 23 пайызга жакыны, Ысык-Көл облусунун – 21 пайызы, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 16 пайыздан ашыгы туура келди.

Пикир

Оставить комментарий