• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Быйыл Маданият министрлиги креативдүү эстеликтерди орнотууну пландоодо

Маданият 0

Бишкек, 01.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2022-жыл ичинде чоң-чоң шаарларда креативдүү эстеликтерди орнотууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтмында, 2021-жылы Кусеин Карасаев, Бишкек баатыр, Панфилов, Жусуп Абдрахмановдун жана дарыгерлердин жаркын элесине арналган эстеликтер тургузулган.

“2022-жылдагы чоң пландарыбыздын бири Бишкек же башка шаарларды элестеткен креативдүү эстеликтерди орнотуу. Жакынкы аралыкта бул багытта министрлик сынак жарыялайт. Анан орнотуу иштерин чоң-чоң шаарларда жүргүзөбүз”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий