• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл мектеп окуучулары арасындагы 12 массалык мушташтын алдын алынды

Кырсык 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Быйыл мектеп окуучулары арасында 12 массалык мушташтын алдын алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов Бишкекте өткөн борбордогу мектептердин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын алдын алууну талкуулоо боюнча тегерек үстөлдүн жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жана жашоочулар өз ара мамилелерин тактоо үчүн чогулган фактылар бар. Алар Бишкекти бөлүктөргө бөлүшөт.

Октябрь районунда 8-февралда №48 жана 77-мектептин окуучулары мушташ уюштурайын дешкен. Жыйынтыгында райондук ички иштер бөлүмүнө 18 жашы жете элек бала жеткирилген. 3-мартта №55 мектептин жана Жамангулов атындагы Көк-Жар айылындагы мектептин окуучулары дагы мушташты пландашып, бирок милицияга жеткирилишкен.

“Таң атканга чейин биз аларды түшүнүк кат менен ата-энелерине өткөрүп бердик. Эки балага эч ким келген жок. Аларды жашы жете электердин укук бузууларынын алдын алуу борборуна өткөрүп берүүгө аргасыз болгонбуз”, - деди Рахманов.

Ленин району боюнча №72, 80 жана Асанов атындагы кыргыз улуттук лицейинин ортосундагы 2 массалык мушташтын алдын алынган.

Биринчи Май районунда №78, 57, 10, 63, 64, 74 мектептердин, финансылык техникумдун ортосундагы мушташтын алдын алынган.

“Акыркы мушташтарда ар кандай куралдар алынган”, - деди борбордук ШИИББнин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий