• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат

Билим 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. 2021-2022-окуу жылы Кыргызстандын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 8-июнда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чара мектептерде 9-июнда саат 9:00дө өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын аяктап жаткандыгына байланыштуу республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борболорунун жетекчилери менен 2022-жылдын 17-майында онлайн жолугушуу өткөрүп, анда мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын коопсуздуктун талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле, бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштуруу жана өткөрүү учурунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоо жана аны камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара кабыл алып, ата-энелердин арасында салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий