• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Быйыл ММК фонду үчүн республикалык бюджеттен 11 млрд 563 млн сом каражат каралган - Калыков

Коом 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Быйыл Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду үчүн республикалык бюджеттен 11 млрд 563 млн сом каражат каралган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

Ал фондун 2020-жылга каралган бюджети тууралуу айтып берди.

"2020-жылга карата республикалык бюджеттен ассигнованиялар 11 млрд 563 млн сом өлчөмүндө каралган жана Социалдык фонддон берилүүчү камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 565 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күнү иш жүзүндө киреше бөлүктүн аткарылышы 7 млрд 272 млн сомду түздү. Анын ичинен республикалык бюджеттен келип түшкөн ассигнованиялар 6 млрд 143 млн сом, Социалдык фонддун камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 128 млн сомду түздү. Ал каражаттардын ичинен үй-бүлөлүк медицина борбору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн 2 млрд 28 млн сом, тез жардам кызматына 240 млн сом, стоматологиялык кызматка 131,4 млн сом, гемодаилаз кызматына 468,7 млн сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу прогаммасы боюнча 159 млн сом, ошондой эле мамлекеттик кепилдик программасы боюнча жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн 28,8 млн сом сарпталды. Стационардык жардам көрсөткөн ооруканаларга 3 млрд 785 млн сом, адистештирилген стационардык жардамга 302 млн сом жумшалды. Чыгымдардын басымдуу бөлүгү саламаттык сактоо мекемелеринде иштеген кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө кеткен - 4 млрд 82 млн сом. Дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарды сатып алууга 1 млрд 434 млн сом сарпталды. Тамак-аш азыктары үчүн 165 млн сом, коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө 321 млн сом, жабдыктарды сатып алууга 9,4 млн сом, транспорттук кызмат үчүн 29,1 млн сом кеткен. Андан тышкары медициналык кызматкерлерге кенемте төлөө үчүн үч айдын ичинде 235 млн сом бөлүнгөн", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий