• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Мугалимдердин август конференциясы онлайн форматта өтөт — Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу быйылкы педагог ишмерлеринин август конференциясы онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда конференцияга даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, август конференциясы мугалимдер үчүн окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий